Жаш ырчы Асылбек Изаков: “Сахнага чыгуу їчїн талант жана каалоо керек”

Бөлісіңіз

“Милая”, “Убакыт”, “Айла канча” ,“Сагынба мени”, “Зар Жүрөк”, “ Сүйүү шамы” сыяктуу жаштардын табитине ылайыктуу ырларды аткарып, жаўыдан чоў сахнага аттанган Асылбек Изаков деген жаш ырчы жигит бар. Келечектен їмїт арттырган каарманыбыз бїгїн бизде маек тєрдє болуп, єзї жана чыгармачылыгы тууралуу кеп куруп берди.

Аты-жөнү: Асылбек Изаков

Туулган жери: Токтогул шаары

Туулган жылы: 1993-жыл, 21-декабрь

Репертуарындагы ырлары: “Милая”, “Убакыт”, “Айла канча”, “Сагынба мени”, “Зар жүрөк”, “Сүйүү шамы”жана башкалар

-Асылбек маек тєрїбїзгє куш келипсиў, алгач балалык кїндєрїў тууралуу айтып берсеў.

— Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарында балалыгымдын далай издери калды. Їй-бїлєдє їч бир тууганбыз. Атам Жакыпбек Изаков Токтогул єрєєнїнє таанымал композитор эле. Ал Гїлнур Сатылганова, Бек Борбиев жана башка токтогулдук бир топ ырчыларды тарбиялап өстүрүп, чоң сахнада ырдашына түрткү болгон. Анын “Миң кыял” деген тобу бар болчу Тилекке каршы анын кєзї єтїп кеткен. Апам Фатима Матмусаева да ырчылык өнөрү бар, азыркы тапта үй кожойкеси. “Алма шагынан алыс тїшпєйт” демекчи чыгармачыл їй-бїлєдє тєрєлгєндїктєн мен да кичинемден эле музыкага кызыгып, атамдар гастролго чыкканда ээрип алчумун. Ошентип жїрїп сахна даамын жаш чагымдан татып кийин “ырчы болом” деген максат пайда болду.

Кыял-максатыўды жїзєгє ашыруу їчїн кандай аракет кылдыў?

-2011-жылы Бишкек шаарына келип, Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык мектепке тапшыргам. Ал жактан 2 кесиптин ээси болуп чыктым десем жарашат. Биринчиси бул вокалдык жактан болсо, экинчиси сокмо аспап жактан билим алдым. Музыкалык мектепте окуп жїргєндє єз алдымча ырларды жаздырып жергиликтїї телеканалдардын музыкалык берүүлөрїнє чыгып жүрдүм. Ал кездерде чоў сахнага аттанууга эрте деп ойлочумун. Убакыт жетти окшойт, быйыл билек түрүп ырчылык сапарга шымалана бел байлап жатам.

23022133_990084627796338_1394639132_n-1

-Музыкалык сынактарга катышып єзїўдїн талантыўды сынап кєрдїўбї?

-Соўку катышкан сынактарымдын бири  “Романс русских песен” деген музыкалык сынак болду. Ал сынактан 2-орунду алдым. Ага чейин деле райондук же республикалык башка сынактарга катышып байгелїї орундарга илинген учурларым болгон, бирок эл аралык, белгилїї сынактарга катыша элекмин. Кудай буюруса келечекте катышсам деген жакшы тилектерим бар. Сынактар ырчынын тажырыйбасын єстїрєт, чыгармачылыгын ойготот деп ойлойм.

— Кыргыз эстрадасындагы кайсы ырчылардын чыгармачылыгын баалайсыў?

-Кыргыз ырчыларынан улуу муундан да, азыркы муундан да сыймыктанчу таланттуу ырчылар көп. Келечекте эл аралык, дїйнєлїк аренага чыкчу жаштардан уучубуз кур эмес. Ал эми єзїм Мирбек Атабеков байкебиздин чыгармачылыгын сыйлайм. Мирбек байкеде баардык ырчылык мүнөздөр бар, кыргыздын жүзү деп айтсам да болот.

үйнөлүк деңгээлдеги бир ырчы менен дуэт ырдагыў келеби?

— Дүйнөгє таанымал ырчылар менен дуэт ырдабасам дагы алардын концерттеринде ырдагам. Мисалга айта кетсем Рэй Хортон, “Akcent” тобу жана башка чет єлкєлїк ырчыларды Ислам Сатаров аттуу продюсер агабыз Кыргызстанга алып келгенде алардын концертинде сахнага чыккам. Эгер менде дуэт ырдоо мүмкүнчүлүгї тїзїлсє анда мен Стиви Уандер менен ырдайт элем. Стиви Уандердин талантына таазим кылам, ырларын тажабай угам. Чынын айтсам менин кумирим десем да болот.

-Кыргызстанда сахнага чыгуу їчїн акча керекпи же талантпы?

— Менин оюмча талант жана каалоо керек.Клиптеримди тарттырууга, ырларымды жаздырууга, кастюмдарымды тиктирїїгєалтындай болгон энекем жардамдашат, өзүм дагы кошумчалап турам. Убакыттан пайдаланып энекеме терең ырааазычылыгымды билдире кетейин.

-Ырчылар тойлордон, концерттен кєп акча табат деп уккан жайыбыз бар. Ырчылык менен їй-бїлєнї багууга болобу?

-Ырчылык менен багып жүргөндөр да бар, бага албай жүргөндөр да бар. Мен үчүн ырчылык бул экинчи орундагы кесибим болуп саналат. Анткени өмүр бою ырчылык менен кете албайм. Келечекте бир кесипке ээ болуп ошол кесип менен иштесем деген ой бар. Муну менен ырчылыкты сүйбөйм деген түшүнүктү айткым келбейт, ырчылыкты сүйөм, бирок ырчылык бул менен хоббим болуп кала бермекчи.

-“Жигитке жетимиш єнєр аздык кылат” деген сєз бар эмеспи, ырчылыктан тышкары эмнелер менен алектенесиў?

— Учурда “NEXT music” аттуу музыкалык студияда ырчылардын ырларын жазып,  үн режиссёру болуп эмгектенем. Кафелерге барып ырдагандан ырахат алам. Башка ырчылардай бир стилде ырдагым келбейт. Ар түрдүү жанрда, ар кандай образда ырдагым келгендиктен ар дайым изденїїнїн їстїндє жїрєм. Анан кино кєргєндї жактырам. Белгилїї кытай актёру Жеки Чандын кинолорун калтырбай көрөм.

-Азыры учурда кандай чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыў?

-Азыркы тапта  жаштардын табитине жага турчу “Айла канча”, “Милая” деген жаўы ырды жаздырдык. Буюруса жакын арада клип тартканга киришебиз. Мындан тышкары ырчы эжебиз Ташкент кызы Гїл  жакшы чыгармаларды жазып берди, алардын їстїндє иштеп жаткан чагыбыз.

Маектешкен: Фархат Козубек уулу

Ұқсас жаңалықтар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *